Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак берилүүдө

Мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу максатында жыл башында 1500 ашпозчу 72 сааттык атайын программанын негизинде окутуудан өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак берүү Кыргызстандагы 2265 мектептин 65 пайызын камтыды. Жыл аягына чейин ысык тамак дагы 100 билим берүү мекемесинде уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу максатында жыл башында 1500 ашпозчу 72 сааттык атайын программанын негизинде окутуудан өткөн.

"Мектептеги тамактанууну оптимизациялоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынган. Ал мектептердеги башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурууну милдеттендирет. Буга чейин билим берүү мекемелериндеги тамактануу рационунда чай жана булочка эле болгон", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет жыл сайын окуучулардын тамактануусуна бюджеттен 500 миллион сомдой бөлөт. Ысык тамак уюштурулган мектептердин санын көбөйтүү эл аралык донорлор жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен ишке ашууда.