Өлкө аймактарында кыз-келиндер спортунун фестивалы өтүүдө. Сүрөт

Фестивалдын алкагында региондогу ийгиликтүү спортчу кыздар мастер-класстарды өткөрүп, дарыгерлер спорттун аялдарга тийгизген пайдасы тууралуу кеп-кеңеш беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Элеттик кыз-келиндерди спортко кызыктыруу максатында облустарда "Аялдар спортунун фестивалы" өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Спорттук фестиваль 15-16-декабрь күндөрү Нарын менен Ысык-Көлдө өткөн, эртең, 20-декабрда, Баткенде болот.

Ал эми 24-декабрга чейин Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас өрөөндөрүндө уюштурулары айтылды.

"Фестивалдын алкагында региондогу ийгиликтүү спортчу кыздар мастер-класстарды өтүп, көргөзмө беттештерди тартуулоодо. Чемпиондор спорт жашоосуна кандай таасир бергендиги менен бөлүшүүдө. Ошондой эле дарыгерлер спорттун аялдарга тийгизген пайдасы тууралуу кеп-кеңеш беришүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны "Дени сак эне – дени сак улут" урааны менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Кыздардын футболу лигасы биргеликте өткөрүүдө.