Дарбазачы атаандашын төшкө тээп, нокаутка түшүрдү. Видео

Дарбазачы чабуулду токтотууга аракет кылып жатканда анын буту жарым коргоочунун төшүнө катуу тийди. Калыс ошол замат чуркап келип, голкиперге кызыл карта көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. "Шальке 04" командасынын дарбазачысы Александр Нубель "Айнтрахтын" жарым коргоочусу Мият Гачиновичти төшкө бир тээп, нокаутка түшүрдү.

Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Бундеслиганын 12-турундагы оюн учурунда болду. Видео Twitter Dragan Čiča баракчасына жарыяланган.

Футболчу атаандашын бир сүзүп, андан кийин тиштеп алды. Видео
Анда көрүнүп тургандай, дарбазачы чабуулду токтотууга аракет кылып жатканда анын буту жарым коргоочунун төшүнө катуу тийди. Калыс ошол замат чуркап келип, дарбазачыга кызыл карта көрсөткөн. Ал эми журналисттер муну "каратэчинин соккусу" деп аташты.

Маалыматка караганда, Нубель башка дагы бир эрежени бузуп, дарбазадан өтө эле алыс кетип калды деп күнөөлөндү.

Оюндан кийин Гачинович социалдык тармактагы баракчасына ден соолугу жакшы экенин жазган.