Миллиондоп киреше тапкан блогерлердин рейтинги жарыяланды

Алдыңкы үч саптагы блогерлердин жылдык кирешеси жалпы жонунан 54 миллион долларды түздү. Биринчи саптагы блогер болгону сегиз жашта.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik.Forbes журналы эң көп акча тапкан YouTube блогерлердин рейтингин жарыялады.

Google саякат үчүн туристтер кайсы жерлерди көп издерин тизмектеди
Үчүнчү сапта россиялык Анастасия Радзинская турат. Анын каналдарына (Like Nastya Vlog, Like Nastya) 107 миллион колдонуучу катталып, роликтери жалпы жонунан 42 миллиард жолу көрүлгөн. Forbes журналынын маалыматына караганда, кичинекей блогер жылына 18 миллион доллар табат (салыкты, команданын айлыгын эсепке албаганда).

Экинчи орунга беш курбунун Dude Perfect каналы татыды. Алар түрдүү трюктарды аткарып, рекорд коюуну көздөп келишет. Жылдык кирешеси 20 миллион доллар.

Биринчи сапты сегиз жаштагы Райан Каджи ээледи (Ryan ToysReview каналы). Анын жылдык кирешеси 26 миллион долларга жетет.