Трамптын азыр кетерине көзүм жетпейт. Путин АКШ лидеринин импичменти тууралуу

Ушул тапта Москва шаарында Россиянын президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү ири маалымат жыйыны болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Москва шаарында өтүп жаткан маалымат жыйынында АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча пикирин айтты.

Путин АКШ лидеринин отставкасы тууралуу кеп кылууга али эрте экенин билдирди.

"Журналисттер Трамп кызматтан азыр кетип жаткандай сүйлөп жатышат. Бул тууралуу кеп кылууга эрте, анын кызматтан кетип каларына менин көзүм жетпейт. Шарт боюнча маселе эми сенатка өтөт. Ал эми ал жакта республикачылар көп. Алар кантип эле өз партиясынын өкүлүн ээрден оодарып салсын", — деди президент.

Путиндин ири маалымат жыйыны. Видео
Эске салсак, АКШ конгрессинин өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Палата Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тоскон деп жатат. Демократтардан турган парламенттик көпчүлүк импичмент үчүн добуш беришсе, республикачылар каршы чыгышкан.

Эми иш Сенатка өтөт да, алар Трамп боюнча соттук процессти баштайт. Президентти кызматынан четтетүү үчүн сенаторлордун үчтөн биринин добушу керек.