АКШ конгрессинде Трампка импичмент жарыялашты. Эми эмне болот?

Иш эл өкүлдөрүнөн Сенатка өтүп, алар президенттин үстүнөн соттук процессти жүргүзүшү керек. Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тосту деп айыптап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШ конгрессинин өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялагандыгын РИА Новости билдирди.

Палата эки күнөөлөөнү колдоду. Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тоскон дешти. Демократтардан турган парламенттик көпчүлүк импичмент үчүн добуш беришти, ал эми республикачылар каршы чыгышты.

Трамп импичмент анын шайлоодо жеңишине жардам бере тургандыгын айтты
Биринчи — кызмат абалынан кыянат менен пайдаланган беренесине 230 киши "макул" деди, анын ичинен бирөө эркин депутат эле. 197 киши "каршы" чыкса, анын ичинен экөө демократ болду. Бир киши калыс экенин билдирди. Ал — демократиялык партиядан президенттикке аттанам деген талапкер Тулси Габбард айым эле.

Экинчи айып — конгресстин ишине тоскоол кылуу. 299 депутат "макул" болду, анын ичинен бири эркин эл өкүлү. "Каршы" 198 адам чыкса, анын ичинен үчөө демократ экени анык болду. Ал эми бир киши "калыс" деген позицияны карманган.

Эми иш Сенатка өтөт да, алар Трамп боюнча соттук процессти баштайт. Президентти кызматынан четтетүү үчүн сенаторлордун үчтөн биринин добушу керек.

Мамлекет башчы конгрессте башталган бул процедураны алардын саясий жактан өздөрүн өздөрү өлтүрүүсү деп атады.

"Менин рейтингимди көрдүңөр беле? Алар биринчи күндөн баштап эле мага импичмент жарыялагысы келишкен. Мен күрөштү баштаганга чейин аракет кылышкан",— деген президент.

Муну менен Трамп акыркы сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, октябрда рейтинги 38ден 43 пайызга өскөндүгүн эске салгысы келгендей элес калтырды.

Ак үйдөн Трамп импичмент процедурасы боюнча кезектеги кадамдарга даяр экендигин жана сенатта толугу менен акталып чыгарына көзү жетип турганын айтышты.

Альянстын боосу бекемби? АКШ санкция менен коркутса, Түркия авиабазаларды жапмакчы
Демократтар АКШнын башчысы конгресс Украинага деп мыйзамдык жактан бекитип берген жардамды берүүдө алардын президенти Владимир Зеленскийге бир шарт койгонун айтышууда. Трамп өзүнүн саясий атаандашы, президенттикке ат салыша турган Жо Байденге карата иликтөөнү талап кылган. АКШнын азыркы президентинин атаандаштары бул менен конституцияны бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды дешсе, республикачылар ага макул эместигин билдиришти.

Трамп мунун баарын танып, Украина бийлигине эч кандай шарт койбогондугун, болгону коррупция менен күрөшүүнү талап кылганын айткан.

АКШнын конгресси эки палатадан — Сенат менен Эл өкүлдөрүнөн турат.