Сот Курсан Асановдун үй камагынын мөөнөтүн узартты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ушул жылдын 27-августунда камакка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камакта калуусун узартты.

Сот Асановду 2020-жылдын 23-февралына чейин үй камагына калтырды. Анын айдоочусу жана жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу да убактылуу тергөө абагында 22-февралга чейин отурмакчы.

Эске салсак, Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

Прокуратура Курсан Асановдун жансакчысы кайсы ишке айыпталганын билдирди
27-августта Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тандалып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

Ал эми анын жан сакчысы жана айдоочусу ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу 23-август күнү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп шектелген.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.