UFC уюму Конор Макгрегордун боло турчу беттешинин проморолигин жарыялады

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун кийинки жылы боло турчу беттешинин ролигин чыгарды.
Sputnik

Видеодо мушкердин чемпиондук кур тагынган учурлары, беттештеринин эң жакшы ирмемдери көрсөтүлөт.

Аталган уюмдун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешет. Мушкерлердин кармашы 2020-жылы 18-январда Лас-Вегаста өтө турган UFC 246 турниринин алкагында болмокчу.

"Конор Макгрегордун беттешин көрүп жатканда кайталангыс окуяга күбө болосуздар", — деп жазышкан видеонун авторлору.

Спортчу акыркы кармашын 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Каршылашы Серроне да соңку мелдешинде жеңилүү ызасын тарткан болчу. Анда октагонго мекендеши Жастин Гэтжи менен чыккан.