Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты

Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте күзөтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Саат 18.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кырдаал курчуп кетпеши үчүн эки тараптын жарандары тактала элек жерлерге орноткон тосмолор алына баштады.

Алты киши ооруканага түштү. Чек ара чатагында жаракат алгандардын абалы кандай?
Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте күзөтүп жатат.

Бүгүн, 18-декабрда, эртең мененки саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Кыргызстандын 80дей, Тажикстандын 100дөй тургуну бири-бирине таш ыргытышкан.

Мындан улам бүгүн эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда бир милиция кызматкерине ок тийген. Кийинки сүйлөшүүлөр маалында дагы ок атылып, беш адамдын жабыркаганы айтылган.