Адабиятчылардын башын бириктирген евразиялык коом бар. Ал 2012-жыл Лондондо уюшулган. Аталган коом жыл сайын адабиятчылар арасында сынак уюштуруп келет. Бул тууралуу Сагынбүбү Беркиналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акын аталган конкурска Жозефина псевдоними менен "Асманда бийлеген кыз" аттуу чыгармасын сунуштаган.
"Евразиянын чыгармачыл инсандарынын башын бириктирген коом бар. Мен ал жакка 2018-жылдын июль айында мүчө болгом. Анын арты менен "Ачык Евразия — 2019" конкурсуна интернет аркылуу ырларымды жөнөтүп койгом. Кандайдыр бир орунга илинип, сыйлык алам деп деле күткөн эмесмин. Анткени буга чейин республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып, китебим жарык көргөнү менен өзүмдү толук кандуу акынмын деп деле эсептебейм. Мен үчүн акындык абдан бийик, жоопкерчиликтүү иш. Ошентип өзүмдүн чыгармамды конкурстун тандалып алынган ырлардан турган шорт-баракчасынан көрүп калганымда абдан толкундандым. Жыйынтыгында биринчи орунга татыдым. Бул менин чыгармачылыгымдагы күтүүсүз, жакшы жаңылык болду. 48 өлкөдөн акындар жалпысынан 1000дей ыр жиберишиптир. Анын ичинен "Жозефина, Кыргызстан, 1-орун" дегенди укканда көзүмө жаш алдым", — деди Беркиналиева.
Акын чыгармачылыгында көбүнесе лирикалык жанрдагы ырларды жаратарын кошумчалады.
Эске сала кетсек, 2017-жылы бул эл аралык конкурстун проза жанры боюнча КРдин эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев "Топон" романы менен гран-прини багындырган.