Ошто чет элдик ишканалар 3000 жумуш орун сунуштап жатат

Кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жарманке мигранттардын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин имаратында эртең мененки саат 09.00дөн 16.00гө чейин өттү. Негизги максаты — сырттан иштеп келүүнү каалаган кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана алданып калуусун алдын алуу.

Өкмөт жумушсуздук көбөйгөнүн айтты. Сап башында Жалал-Абад турат
Маалыматка караганда, кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштап жатышат. Жумушка алынган жарандар иш берүүчү менен ортомчусуз, түз келишим түзө алат.

Мамлекеттик миграция комитетинин билдирүүсүнө караганда, азыркы тапта чет жактарда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашуун. Негизги агым Россия менен Казакстанда.

Ошондой эле акыркы учурда Түркия жана АКШда да кыргызстандык мигранттардын көбөйгөнү байкалган.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал