Аталган уюмдун максаты — келечектеги кызматкерлердин билим алуусун, даярдыгын жогорулатуу жана ординаторлорду аймактардагы жашоочулардын ден соолугун жакшыртуу иш-чараларына тартуу. Бул тууралуу Элнура Нишанкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпы терапия, гинекология, фармакология, хирургия жана башка ар кайсы кесиптин ээлери, жалпысынан 30га жакын ординаторлор уюмга мүчө болгон.
"Аталган биримдик ординаторлордун маселелерин чечүүгө жардам берет. Сентябрь айынан баштап эле бул уюмду түзүүгө аракет кылып келе жатабыз. Себеби ординаторлор саны бар, сапаты жок болуп баратат. Ошондуктан окуу сапатына, адис катары даярдалып чыгышына көңүл бурулат. Алсак, практикага чыккан ординаторлорго жашаган жерин даярдап берип, иштеген жеринен төлөп бербей жатса маселесин чечүүгө жардам беребиз. Бирикмеге бир гана Чүй облусу эмес, башка региондорду камтыганга аракет кылуудабыз. Март-апрель айларында өлкөнүн түштүк тарабына, Ысык-Көл, Нарын аймактарындагы ординаторлорго жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келебиз", — деди Нишанкулова.
Ал ушундай бирикме КМШ өлкөлөрүндө мурдатан бери иш алып барып келгенин, ординаторлор бирикмеси Кыргызстанда биринчи жолу түзүлүп жатканын кошумчалады.