БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Аралаш мушташ спортун аркалаган аргентиналык мушкер Франсиско Баррио босниялык Ади Дураковичке бир да сокку жасабай туруп утуп алды.
RT телеканалынын маалымдашынча, окуя 14-декабрда Хорватияда өткөн Fight Nation Championship турниринде болгон.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, октагондо эки мушкерге беттешүүгө белги берилет. Бир нече секунддан кийин Дуракович коргонуусун токтотуп, рефериге атаандашына багынып берерин билдирген.
Калыс кармашты тогузунчу мүнөттө токтоткон. Эл болсо түшүнүксүз абалда калган.
Бир канча сааттан кийин Дуракович Instagram-аккаунтуна ооруканада жаткан сүрөтүн жүктөп, окуя тууралуу түшүндүрмө берген.
"Көкүрөк тушум катуу ооруп, көзүм караңгылады. Анан рефериге абалым жакшы эмес деп айтканым эсимде. Көзүмдү ачсам, Тез жардам кызматынын унаасында экем, кайра эс-учумду жоготтум. Кийин ооруканадан ойгондум", — деген мушкер.
Ал эми UFC уюмунун тарыхында эң ыкчам нокаут кандай болгонун видеодон көрүңүз.