БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү алардын укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарында мекендештерин коркутуп, сабап, тоноп жүргөн кишилерди кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдар өз мекендештерин ар кандай шылтоолор менен тоноп, опузалап, акча талап кылып жүрүшкөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшүп турган.
"Быйыл декабрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылып, Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар байкесин уурдап кетишкенин айткан. Андан соң кылмышкерлер ал адамды токойго алып барып, бычак менен денесине залал келтирип 200 000 рубль талап кылышкан. Андан кийин ай сайын "100 000 рубль берип турасың" деп коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.
12-декабрда акчаны алып жаткан жеринен Кыргызстандын оор кылмышка шектелген жарандары кармалган. Алар:
- 1997-жылы туулган Н.А., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
- 1999-жылы туулган М.М., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
- 1997-жылы туулган Ш.И., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
- 1988-жылы туулган И.Д., Ош облусунун тургуну.
Кармалган жарандар тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда жогорудагыдай кылмыш иштерин тактоо жана аларды жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ушуга байланыштуу ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жогорудагы адамдардан жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматтарды билсе, өкүлчүлүктүн +7 (926) 890-87-00 ишеним телефонуна чалууну суранат.