Кыргызстандын кайсы шаарында эттин баасы арзан? Статистика

Улуттук статистика комитети өлкөнүн негизги шаарларындагы базарларга байкоо жүргүзүп,  эттин баасын аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын шаарларынын ичинен эң арзан уй эти Таласта сатылат. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Уй этин кымбат баада саткан шаарлардын сап башына Бишкек чыккан. Борбор калаада бир килограммы 356,81 сом болсо, Таласта 300 сом экени айтылат. Баалар 16-декабрга карата алынган. 

Кыргызстандын кайсы шаарында эттин баасы арзан? Статистика

Айрым аймактарда декабрда уйдун этинин баасы  ноябрга салыштырмалуу 2,32 сомго же 0,7 пайызга жогорулаган. Бирок көп шаарларда өзгөрүүсүз сакталып турат.