Бишкекте кырсыктаган КамАЗ оодарылып кетип аялды басып калды. Видео

Жол кырсыгы саат 15:25 чамасында Бишкектин Алыкулов жана Долон көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Эки айдоочу ооруканага жеткирилип,  ал эми аял ошол жерден жан берди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгына кабылган КамАЗ оодарылып кетип аялды басып калды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Кырсык болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Жол кырсыгы саат 15:25 чамасында Алыкулов жана Долон көчөлөрүнүн кесилишинде болду. ЖКККББдан билдиришкендей, Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа Долон көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, көчөлөр кесилишкен жерден жүк ташуучу унаа менен кагышкан. КамАЗ бир капталына оодарылып кетип, жол жээгинде турган 56 жаштагы аялды басып калды.

Эки айдоочу тең ооруканага жеткирилди. Ал эми аял ошол жерден жан берди.