БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыкканын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, 17-декабрда коңшу мамлекеттин жарандары делген кишилер Көк-Таш айылына бараткан жолдо чек арага жакын жерден кыргызстандык кишини сабап кеткен. Жабыркаган адам Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
"Бүгүн, 18-декабрда, эртең менен саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Кыргызстандын 80дей, Тажикстандын 100дөй тургуну бири-бирине таш ыргытышкан", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматынан кабарлашкандай, окуя болгон жерге чек арачылар, облустук администрациянын жетекчилери жана Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары келишкен. Алдын ала маалымат боюнча, жаңжалдан эч ким жаракат алган эмес.
Эки өлкөнүн чек арачылары жеринде жолугуп, абалды жөндөө боюнча иш алып барууда.
Чек ара кызматынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, мындай иштерди болтурбоо үчүн чогуу-чаран аракеттерди көрүү керектигин белгилешти.