Google саякат үчүн туристтер кайсы жерлерди көп издерин тизмектеди

Рейтингге Американын бир нече штаты кирген. Эксперттер тизмеде саналган шаарлар менен өлкөлөрдө кийинки жылы туристтердин саны өсөрүн болжолдошууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Google компаниясынын серепчилери 2019-жылы колдонуучулардын сурамдарын анализдеп, саякаттоо үчүн көп изделген жерлерди тизмектеди. Изилдөөнүн жыйынтыгы Google Trands баракчасына жарыяланды.

Саякаттай турган эң мыкты жерлер аталды. Ага Кыргызстан да кирди
Рейтингдин сап башында Мальдив аралы турат. Экинчи орунду Япония ээлеген. Үчүнчү сапка Франциядагы Полинезия аймагындагы Бора-Бора аралы илинген.

Ошондой эле эл көп каттагысы келген алдыңкы беш жерге Америкадагы Лас-Вегас менен Мексиканын борбору Мехико кирет. Мындан тышкары, рейтингге Аляска, Жаңы Орлеан, Калифорния штаттары, Нью-Йорк шаары, Коста-Рика кошулган.

Эксперттер тизмеде саналган шаарлар менен өлкөлөрдө кийинки жылы туристтердин саны өсөрүн болжолдошууда.