Боомдо 8 вагон рельстен чыгып, поезд кыймылы токтотулду

Жүк ташуучу поезд. Архив
Учурда окуянын себептери такталып жатат. Ошондой эле поезд кыймылын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Кырсыктан каза тапкандар менен жабыркагандар жок экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Боом капчыгайында жүк ташуучу сегиз вагон рельстен чыгып кетти. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Окуяга байланыштуу Балыкчы-Жел-Арык аймагындагы поезд кыймылы убактылуу токтотулду.

Учурда окуянын себептери такталып жатат. Ошондой эле поезд кыймылын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кырсыктан каза тапкандар менен жабыркагандар жок экендиги айтылды.