Бишкектеги бакчада бала сабалганбы? Мэрия өз версиясын айтты

Социалдык тармактарга тараган видеодо №145 балдар бакчасындагы тайпалардын биринин эшиги ачык туруп, ары жакта баланын катуу ыйлап жатканы угулат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектеги бала бакчада балдарды эч ким сабаган эмес. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы интернетте талкуу жараткан видеого комментарий берип жатып маалымдады.

Балдарын "атаңды чакыр" деп аёосуз сабаган келиндин ким экени белгилүү болду
Социалдык тармактарга тараган видеодо №145 балдар бакчасындагы тайпалардын биринин эшиги ачык туруп, ары жакта баланын катуу ыйлап жатканы угулат.

Мындан улам мэрдин орун басарлары Татьяна Кузнецова, Азиз Алымкулов, Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган бала бакчага барышкан.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ары жакта тарбиялануучу эмес, бала багуучунун окуучу кызы ыйлап жаткан.

"Кыз мектептен кийин апасы менен үйгө чогуу кетүү үчүн бала бакчага кирген. Ал кечигип келгендиктен апасы аны урушкан. Азыр ал тарбиячы өзү сарсанаа болуп жатат. 1-класста окуган кызы көпкө жоголуп кеткендиктен, ызага алдырып урушуптур", — деп түшүндүрүштү мэриядан.

Асел Исмаилова аттуу тарбиячы бул бакчада беш жылдан бери иштейт. Ага жетекчилик дагы, ата-энелер дагы эч качан нааразы болбогону айтылды.