Быйыл "Кыргыз тест" мекемесинин сынагынан 20 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер өтүп, кыргыз тилин билүү деңгээлин аныкташты. Бул тууралуу Темирбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сынактын жыйынтыгы менен 20 миң кишинин жарымы мамлекеттик тилди орто деңгээлде билет деп табылса, калганы жакшы билбей турганы аныкталган.
"Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана саясатын алдыга жылдыруу багытында негизги делген үч жетишкендик болду. Биринчи кезекте биз мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө өттүк. Буга чейин алардын баары расмий тилде толтурулуп, андан кийин мамлекеттик тилге которулуп келген. Учурда бул маселе жөнгө салынды. Бул багытта Мамлекеттик тил боюнча комиссия көзөмөл жүргүзүп турат. Бирок тексти оңдоп-түзөөгө катышпайт. Экинчиден, өкмөт алдында терминология комиссиясы түзүлдү, ушул тапта ал иштеп жатат. Алдыда анын да алгылыктуу жыйынтыктарына күбө болобуз. Мындан сырткары, "Кыргыз тест" мамлекеттик мекемесинен 20 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер сынактан өттү. Жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылды. Бирок тийиштүү иштерди дагы алып баруу керек экени белгилүү болду. Анткени тест тапшыргандардын 50 пайызы гана талапка жооп берди. Калганынын мамлекеттик тилди билүү деңгээли азырынча төмөн ", — деди Осмоналиев.
Ал "Кыргыз тест" тарабынан тил билүү деңгээли А1, А2, В1,В2 жана С1, С2 деп ченелээрин айтып, мамлекеттик кызматкер кеминде А1 категориясында билиши керектигин кошумчалады.