Москванын чок ортосунда Sputnik өлкөлөрүнүн жаңы жылдык жаңылыктар күнү башталды

ГУМга келген адамдар ондогон өлкөнүн жаңы жылдык салты менен тааныша алат. Жаңылыктар орус жана ар бир өлкөнүн улуттук тилинде жаңырмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык жаңылыктар, ошондой эле Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш алып барган мамлекеттердин маданият күндөрү шейшемби күнү Москвадагы ГУМда жайгашкан санариптик балатыда башталды.

ГУМга келген адамдар майрамдын аягына чейин Sputnik арт-объектисинен ондогон өлкөлөрдөгү жаңылыктар менен күн сайын тааныша алат.

Быйыл Sputnik беш жылдыгын белгилеп жатат. Туулган күн ээси Москва тургундарына жана конокторуна балаты белек кылган.

Москванын чок ортосунда Sputnik өлкөлөрүнүн жаңы жылдык жаңылыктар күнү башталды

Медиагруппа 33 тилде чыгып, көптөгөн өлкөлөрдүн майрамдык салтын билет. Буга байланыштуу маалыматтар орус тилинде жана ар бир өлкөнүн улуттук тилинде кабарланат.

Молдовалык Аяз атанын атын билгиңиз келеби? Эстониянын майрамдык азыктары кайсылар? Италия менен Францияда жаңы жыл күнү столго кайсы тамак сөзсүз коюлушу керек? Аяз атанын КМШ өлкөлөрүндөгү көп каттаган резиденциясы, балатынын шарлары кайсы жерде ойлоп табылган? Ушул жана башка кызыктуу суроолордун жообун ГУМга келген адамдар арт-объектиден окуй алат.

Кызыл-тазыл аянт, суктанган бөбөктөр. Балаты отун жандыруу аземинен 12 сүрөт
Уникалдуу инновациялык Sputnik арт-объектиси — 12-ирет өтүп жаткан "Кызыл аянттагы ГУМдун жаңы жылдык балатылары" долбоорунун бир бөлүгү. Салтка айланып калгандай, дүкөн менен өнөктөш компаниялар анын аймагын жомоктогудай токойго айландырат. Каалоочулар ал жерди 19-январга чейин кыдырса болот. 

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги менен Sputnik — ГУМ-муз аянтчасы, "Кызыл аянттагы ГУМдун жаңы жылдык балатылары" долбоорунун жана ГУМ-жарманкесинин маалыматтык өнөктөшү.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.