БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Муниципалитет өткөн жумада дагы мыйзамсыз коюлган бир нече объектилерди алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жер ресурстары башкармалыгынын адистери 7-Апрель менен Кийизбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафени алышты.
Андан сырткары, Жибек Жолу проспектиси, 220 дарегиндеги дүкөн дагы тазаланган.
Ошондой эле Лев Толстой көчөсүнө мыйзамсыз орнотулган соода күркөсү да алынды.
Мэрия шаарга мыйзамсыз орнотулган курулуштарды жума сайын карап, аларды алып турат.