БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө эки ваканттык орун үчүн сынак жарыялайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция эки ваканттуу орунга талапкерлерди көрсөтө алгандыктан жарандык коомдон сунуштарды кабыл алат.
Кеңешке мүчө болууга төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
- кош жарандуулугу болбоо;
- кандайдыр бир партияда катталбоо;
- абройлуу, коомдо кадыр-барктуу болуу;
- соттуулугу болбоо.
Жарандык коомдон көрсөтүлгөн талапкер Жогорку юридикалык билими жана беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, курагы 30 жаштан жогору болуусу шарт. Мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштебеши керек.
Төмөндөгү адамдар Сотторду тандоо кеңештин мүчөсү боло албайт:
- мурда туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган;
- укук коргоо органдарынын кызматкеринин наамын булгаган же адвокаттык лицензиясынан ажыратылган;
- бийлик органдарында 50 же андан ашык пайыздык үлүшү бар уюмдарда иштеген;
- укук коргоо же прокуратура органдарында иштеген;
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталгандар.
Документтер 28-декабрга чейин Чүй проспектиси-205 дарегинде кабыл алынат.