Пара менен кармалган тергөө бөлүмүнүн башчысы абакка киргизилди

Жол кырсыктарын иликтеген тергөөчүнү Биринчи Май райондук соту №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Пара менен кармалган Бишкек ШИИБдин жол кырсыктарын иликтөө боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысынын баш коргоо чарасы тандалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол)  билдирди.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөөчү №1 тергөө абагына киргизилген.

Шаардык милициянын бөлүм башчысын пара менен кармоо учуру. Видео
Белгилей кетсек, О.М. аттуу жаран Финполго кайрылып, Бишкек милициясынын жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысы К.М. жана тергөөчү Р.И. кызмат абалынан пайдаланып, жөө адамды сүзүп кеткен ишти сотко чейинки тергөөгө жеткирбей бүтүрүп беребиз деп миң доллар талап кылганын айткан. Айдоочу жабырлануучунун бардык материалдык жана моралдык чыгымдарын төлөп, ал тосмо арыз жазган. Бирок тергөөчүлөр акча талап кылып, айып короого токтотулган автоунааны берүүдөн баш тартышкан.

Мындан улам К.М. 12-декабрда кечке жуук 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.