Кыргыз медицинасы тууралуу сөз кылганда өлкө бюджетинин абалын унутпасак. Анткени экөөнү бөлүп кароо мүмкүн эмес. Мындай пикирин Асылбек Байгазаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Советтер Союзу учурунда Фрунзе медициналык институту сапаттуулугу жагынан 3-орунда турган.
"Миталип Мамытов, Иса Ахунбаев сыяктуу күчтүү медиктер иштеп турганда кыргыз медицинасы алдыңкы орунда эле. Дүйнөнүн төрт бурчунан келип дарыланып кетишчү. Албетте, анда мамлекет тарабынан бардык социалдык тармактарга мыкты көңүл бурулчу. Союз ыдырап эгемендүүлүк алгандан кийин деле күчтүү адистерибиз бар болчу. Бирок алар чет мамлекеттерге иштегени кетип калышты, соодага кирип кеткендери да жок эмес. Бардыгы мамлекеттик камкордуктун жетишсиздигинен улам болду, заманбап жабдыктар аз, аларды иштеткен адистер жокко эсе. Мунун кесепетинен эл дарыгерлерге ишенбей калды. Эгер мамлекет азыртан көңүл буруп, медицинаны колго алган күндө да кеткен абройду кайра калыбына келтирүүгө 30 жылдай убакыт керектелет", — деди Байгазаков.
Ал ошентсе да кыргыз хирургиясын мактап, башка өлкөлөрдөн келип операция жасатып кеткен бейтаптар жок эместигин кошумчалады.