Финансы министрлиги кыргызстандыктардын орточо маянасын жарыялады

Статистикалык маалымат жеке менчик жана мамлекеттик мекеме, уюмдарда төлөнчү маяналарды кошуп чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 563 сомду түзөрүн Финансы министрлиги билдирди.

Абылгазиев: айрым мугалимдердин айлыгына 13 миң сомго чейин кошулду
Маалыматта 2019-жылдын январынан тарта октябрына чейин бир айлык орточо эмгек акы 4,2 пайызга өскөнү айтылат. Мындай статистика өлкөдөгү жеке менчик жана мамлекеттик мекеме, уюмдарда төлөнчү маяналарды кошуп чыгарылган.

Мындан сырткары, жыл башынан бери расмий катталган жумушсуздардын саны 81,4 миңге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөнү белгилүү болду.