Радио

Кенжематова: кышкы туризм сезону расмий 21-декабрда ачылат

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өлкөнүн түштүк аймагына дагы тоо лыжа базаларын куруу планы бар экенин айтты.
Sputnik
Кенжематова: кышкы туризм сезону расмий 21-декабрда ачылат

Караколдо жакында эле кышкы туризм мезгилин ачтык. Ал эми республика боюнча расмий ачылыш 21-декабрда өтөт. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 27 тоо лыжа базасы бар, анын 15и иштейт.

"Тоо лыжа базалары көбүнчө республикабыздын түндүк аймактарында жайгашкан. Ал эми түштүккө дагы 5-6 тоо лыжа курортун куруу боюнча иштерди аткарып жатабыз. Андан тышкары, Ысык-Көл облусуна дагы бир база куруу планда бар. Ошондой эле базалар жайгашкан жерлердин бир бөлүгү жеке менчик, муниципалдык, токой чарбасына тиешелүү болуп калган учурлар кездешет. Ишкерлер менен жергиликтүү калктын ортосунда да бул багытта көйгөйлөр жок эмес. Аталган маселелерди четинен чечкенге аракет кылып жатабыз", — деди Кенжематова.

Ал тоо лыжа базаларынын абалы Санэпидемстанция жана Мамэкотехинспекция сыяктуу органдар тарабынан текшерилип, атайын иштөөгө уруксат берген кагаз аларын кошумчалады.