Кыргыз-тажик чек арасында уруш чыкты. Себеби

Дүйшөмбү күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы дүкөндүн жанына тажик жарандары тосмо тургуза баштаган. Ал жакка Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, нааразычылыгын билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эл чогулуп, кайым айтышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы дүкөндүн жанына (чек аранын чечиле элек аймагы) тажик жарандары тосмо тургуза баштаган.

Чек ара кызматы: Баткенде абал тынч, тажикстандыктар тракторлорун чыгарып кетти
Ал жакка Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, нааразычылыгын билдиришкен. Ошентип эки өлкөнүн жарандары айтыша кеткен. Жерине кыргызстандык чек арачылар барып, такталбаган жерде мындай иш-аракеттерди токтотууну талап кылган. Бирок тажикстандыктар баш тарткан.

Учурда эки өлкөнүн чек арачылары жана Баткен облусу менен Согди аймагынын жетекчилиги жолугушуп жатат.

Кыргыз тарап чек ара сызыгы так чечиле элек аймакта кандай гана курулуш иштери болбосун, каршылыгын көрсөтүп келет.