"Манас" аэропортундагы коюу тумандан улам учактар учпай турат

Аэропорттун маалымат кызматынын кабарлашынча, туман абдан коюу болгондуктан 50 метрден ары эч нерсе көрүнбөй жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Манас" аэропортунун аймагына түшкөн коюу тумандан улам каттамдар кармалып жатканын аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, туман коюу болгондуктан 50 метр аралык гана көрүнүүдө. Андыктан жетекчилик жүргүнчүлөрдөн аэропортто киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Каттамдар тууралуу маалыматты 0 (312) 69-31-09 телефондору аркылуу сурап-билсеңиз болот.