Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы массалык башаламандык жана барымтага алуу иштери боюнча суракка чакырылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. Sputnik. Кундуз Жолдубаева сурак бергенден кийин коё берилди, кармалган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолдубаева бүгүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандык, барымтага алуу жана адам өлтүрүү боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган болчу.

ИИМ башчысы: Кой-Таштагы окуя боюнча 53 берене менен иш козголгон
ИИМ өз билдирүүсүндө "Жолдубаева кармалды" деп социалдык тармакка тарап кеткен маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

7-августта УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрүп, бирок ал ишке ашпай калган. Бирок жай тургундар менен болгон кагылышта атайын кызматтын бир жоокери каза болгон. 8-августта укук коргоо органдары кайтадан атайын операция кылып, анда Атамбаев багынып берген болчу. Эки күндөгү окуялардан жүздөн ашык киши ар кандай жаракаттарды алган.