Instagram жеке куттуктоолорду жиберген кызматты киргизди

Сунушталган опция Stories бөлүмүндө иштеп баштайт. Аны колдонуу үчүн жаңы нерсе жүктөп, "Ачык кат" баскычын басуу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Instagram фотосервисин иштеп чыккандар жеке куттуктоолорду жиберген кызматты кошту. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазды.

Shoutouts аталышындагы опция Stories бөлүмүндө иштеп баштайт. Анда туулган күн, ыраазычылык же башка куттуктоолордун үлгүсү көрсөтүлгөн. Алар ар кандай түскө ээ.

Аталган кызматты колдонуу үчүн Stories бөлүмүнө жаңы бир нерсе жүткөп, "Ачык кат" (Открытка) баскычын басуу керек.