Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт

Милициянын маалыматына караганда, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу канал аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу каналды аныктоо операциясы ийгиликтүү аяктады. 

Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт

11-декабрь күнү Ысык-Ата районундагы стационардык посттон жеңил унаа токтотулган. Рулду 33 жаштагы кыргызстандык башкарып бараткан. Унаанын салонунан баштыкка салынган баңгизат табылган. 

Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт

Ал эми 13-декабрда Баткен облусунда баңгизатын жүгүрткөн каналды түздү деп 50 жаштагы киши колго түшкөн. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.