"Тазалык" Бишкектин жолдорун муз менен тоңдон арылтууда. Сүрөттөр

Көчөлөрдү тазалоо иштери 16-декабрга караган түнү башталган. Мэрия автоунааларды туура эмес токтоткон шаар тургундарына кайрылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн тазалоого 668 көчө шыпыргыч жана 120 жүк ташыгыч чыкты. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Маалыматка ылайык, көчөлөрдү тазалоо иштери 16-декабрга караган түнү эле башталган. Жалпы жонунан жолдорго 24 тонна техникалык туз себилди. Төрт кар тазалоочу унаа иштегени айтылды. 

"Тазалык" Бишкектин жолдорун муз менен тоңдон арылтууда. Сүрөттөр

Мындан тышкары, мэрия автоунаасын жол жээгине туура эмес токтоткон айдоочуларга кайрылып, машиналар техниканын иштөөсүнө жолтоо болуп жатканын белгиледи.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер болсо, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.