Токмокто күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты

Тилсиз жоо маалымат түшкөндөн кийин бир сааттан соң, 22:02де толугу менен өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү машина тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. - Sputnik. Токмокто күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 20:55те келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 22:02де толугу менен өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү машина тартылган.

Бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес.