БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. 16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бирок жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Талас, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүндө -3…+2, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында -1…+4 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -3…-8 градус суук болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада 0…+2 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +2…+4 градуска жетет.