Алыкул Осмоновдун "Ысык-Көлдө төрт мезгил" ыры тууралуу 7 факты

Алыкул Осмонов лирикалык поэзиянын теңдешсиз чебери, анын көпчүлүк ырларында акындын кайталангыс таланты даана көрүнүп турат. Чыгармаларынын катарында Ысык-Көл тууралуу ырларынын түрмөгү да өзгөчө орунда.
Sputnik

Биз бүгүн Алыкул Осмоновдун ошол түрмөктөгү ырларынын бири болгон "Ысык-Көлдө төрт мезгил" деген чыгармасы тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Ырдын жазылыш тарыхы. Бул ыр 1946-жылы 3-ноябрда Чолпон-Атада жаралган. Согуш жаңы бүтүп, эл турмушу өтө оор кезде, өзү өмүрүн алып тынар оору менен алпурушуп жүргөндө жазылган болсо да ырда оптимизм күчтүү. Келечекке ишеним, колхозчуларды мактоо, Ысык-Көл менен эл турмушун байланыштыруу мотиви жакшы чагылдырылган.

Ыр он бир куплеттен турат, биринчи үч куплети Ысык-Көлдүн жазы жөнүндө, кийинки эки куплет жайы тууралуу, кийинки үч куплет күзү, андан кийинки эки куплети кышы тууралуу да, акыркы куплет жалпы жыйынтыктоочу төрт саптан турат.

Ымыркайында апасынан ажырап... Улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу 8 факты
Ысык-Көл темасы акындын чыгармачылыгында. Алыкул Осмонов Ысык-Көлдүн жээгинде өмүрүнүн көбүн өткөрүү менен кыргыз жеринин бул кооз бермети тууралуу ондогон ырларын жазды. Алардын айрымдары: "Таң атарда көл бети", "Ысык-Көл" (ушундай аттагы үч ыры бар), "Кыргыз көлү", "Ысык-Көл — Нева суунун сүйгөн жары", "Көлүмө", "Ысык-Көлдө төрт мезгил", "Көл толкуйт да, кайра басылат", "Жаныбарым, Ысык-Көл", "Көл ата", "Мен көлүмө келгенде", "Көлдүн кечки көрүнүшү", "Чолпон-Ата".

Ысык-Көл тууралуу айрым саптары эл оозунда учкул сөз катары калган. "Ысык-Көл – кыргыз көлү кылкылдаган, кыз-келин кылаасында шыңкылдаган", "Ысык-Көл, кээде тыптынч, кээде толкун, толкусаң толкунуңа тең ортокмун, турмушта кандай жолдош күтсөм дагы, бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун", "Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым", "Көргүм келет, көргүм келет миң ирет, айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп", "Элесиңде көл жатпаса шарпылдап, ырларымда анда кандай касиет", "Сага окшоп көл боюнда атым турса, эмне арман, муштумдай бир кара таштан" ж.б.

Акындын оорусу жана Ысык-Көл. Алыкул Осмонов өпкөнүн кургак учук оорусуна кабылып, оорусу улам күчөп отургандыктан Ысык-Көлдүн "Койсары" курортунда дарыланып, ырларын жазган, Чолпон-Атанын көл жээгиндеги кургак учукка каршы ооруканасында да дартына даба издеген. Анын 1945-жылдан көзү өткөн 1950-жылдарга чейин жашаган үйү азыр да Чолпон-Атада турат. Ал ошол кездеги медицинанын алы жетпеген кургак учук оорусуна абасы, жели, суусу, куму шыпаа болор бекен деп Ысык-Көлгө тез-тез барып турган жана эң мыкты чыгармаларын да көл жээгинде жараткан.

Төрт мезгил, акын жана Ысык-Көл. Жогоруда айткандай, Ысык-Көлгө арналган ырларынын катарында Алыкул Осмоновдун "Ысык-Көлдө төрт мезгил" деген ыры бар. Анда акын Ысык-Көлдүн жазын, жайын, күзүн, кышын салыштыра карайт.

Жаздагы көл: куулар, аңырлар кетип, кайыңдар, талдар бүчүрлөрдөн бүрүн жарып, гүл ачар кез болот, катарлаша учуп турналар өтөт, карлар эрип, кырларга чөп чыгып, талаа көгөрөт, кара торгой үнүн безеп сайрап, үпүп ары-бери учат. Бул табиятта. Ал эми эл турмушунда: тракторлор жер айдап, кош чыгып, аттар соко тартат, колхозчулар жаздын келгенине кубанат.

Үч тагдыр. Тенти Адышеванын "Кылы үзүлгөн комузум" эскерүү-баяны тууралуу 9 факты
Жайындагы Ысык-Көл: мал тоюнган, эл жайлоого чыккан кез, бир жагынан апийим суюлтуу, эгиндерди отоо, сугаруу, чөп чабуу, жайлоонун бал кымызы, тамаша, жумуш. Эгер акын азыркы Ысык-Көлдүн жайын сүрөттөгөн болсо, башкача сүрөттөмөктүр, анда туристтер менен эс алуучулар көрүнмөк, ал эми сексен жыл мурдагы көлдүн жайкы көрүнүшү жалаң эмгек, жумуш эле.

Күзүндөгү Ысык-Көл: береке, мейман тосуу, кененчилик, пландарды толтуруп, эгин алуу, дандырга бышкан ак нандар, өкмөттөн берилген сыйлыктар, колхозчулардын тойлору.

Кышындагы Ысык-Көл: "Ак кар басып аппак кылып кыштакты". А бул саптар болсо өзүнчө эле сүрөт-турмуш: "Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай, терезеден карап турат тыш жакты", "Колхозчуда токчулуктун жыргалы", "Түн мезгилде көлдүн аркы четинен, көп угулат кыз-жигиттин ырлары".

Өзүн Ысык-Көл менен салыштырганда. Эң аяккы саптары күтүлбөгөндөй жыйынтык берет: "Көлдүн көркүн, чабал акын Алыкул, ойдогудай жаза албаптыр ээ, деп бил", - деген акын өзүн жетиле элек, чабал катары сезип, жазгандарына канааттанбай турганын билдирет. Бул анын жөнөкөйлүгү, Ысык-Көлгө салыштырганда анын дареметинин өтө эле аз экендигин моюнга алуусу эле.