БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эгерде жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айып пул төмөндөтүлсө, Кыргызстан 68 миллион сом жоготот.
Жогорку Кеңеш жол эрежеси бузулган учурда салына турган айып пулдардын көлөмүн азайткан мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоого алган.
Мыйзам долбоордо аны ишке ашырган нормалары мамлекеттик бюджетке финансылык кыйынчылык жаратпаганы менен казынага түшө турган каражаттын кадимкидей азаярын айтышкан. Тагыраагы, бюджет жылына болжол менен 68 миллион сомдон кол жууйт деп жазылган.
Кеп 8 жол эрежеси боюнча жүрүп жатат.
Төмөнкү эрежелер бузулса айып пулду 3000 сомдон 1000 сомго кыскартуу сунушталган:
- Жол белгилеринин талаптарына баш ийбөө;
- Жол чийиндеринде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбоо;
- Автоунааны токтотууда эреже бузуу;
- Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо;
- Автомагистралда жол эрежесин бузуу;
- Унаалардан ашып өтүүдө эреже бузуу;
- Эскертүүчү сигналды же жарык берүү жабдыктарын колдонууда эреже бузуу:
- Жол чырактын алдындагы токтотуучу сызыктан (стоп-линия) талаптарды аткарбоо.
Мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлдү.