Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнү 12-декабрда белгиленди. Бир топ жогорку кызматтарда эмгектенген кыргыздын камчыга сап уулу 1912-жылы жарыкка келген.
Sputnik

Ата мекенине, элине жасаган эмгеги, кылган кызматы менен унутулбаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет.

Жетимдер үйүндө өскөн. Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Сүйөркул дыйкандардын чарбасында жалданып иштеген. Энесинен эрте ажыраган Абды жетимдер үйүндө тарбияланып, ал жактан орус тилин өздөштүрүп, 14 жашында эле Россиядан келген бир экспедиция менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда котормочу болуп иштеген. Кийин Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өткөн. Кийин Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктоого жетишет.

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Колхоздон өкмөткө чейин. Жаш адис эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү бир топ тепкичтерди басып өткөн.

Репрессиядан качып... Союздук республикаларда 1930-жылдардын соңунда массалык репрессия башталып, кесипкөй Абды бир ажалдан калган. Ошол маалда кыргыздын бир топ каймактары атып өлтүрүлгөн. Кыргыз ССРинин Элдик финансы комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген партиялык ишмер келинчегин жана кичинекей балдарын атка мингизип алып кичи мекенине качып кеткен.

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Согушка барбай калган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал Кыргызстан коммунистик партиясынын борбордук комитетинде пропаганда жана агитация боюнча катчы болчу. Мекенин сүйгөн уул фротко аттануу үчүн эки-үч жолу арыз жазган, бирок жогору жактагылар аны кое бербей койгон.

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Жаратман башчы. 1946-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, үч жылдай Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгон. Көп өтпөй Сүйөркулов Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, сегиз жылдай иштейт, андан кийин он жылдай Соода министрлигин башкарган. Бул мезгил аралыгында өкмөт башчысы Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алган. Анын демилгеси менен Касымалы Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулган.

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Эмгекчил аксакал. Бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да тынч отура алган эмес. Ал жашы өтүп калганына карабай Фрунзедеги Элдик чарбанын жетишкендиктери жарманкесинин директору болуп, ага тогуз жылдай баш-көз болгон.

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Мыкты уулдардын атасы. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн. Тун уулу Эмил геология илимдеринин доктору болгонго чейин жетсе, Эркин чек арачы болуп көп жыл куралдуу күчтөрдө эмгектенген. Эрке аттуу баласы экономика илимдеринин кандидаты, кичүүсү Энвер социолог. Баласынын айтымында, атасы уулдарына жакшы тарбия, билим берип, эмгектенип өз алдынча ийгиликтерди багындырууга үйрөткөн. Эч бирин ортого түшүп кызматка орноштурууга дити барган эмес. Абды Сүйөркулов 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.