"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жашы 40тан ашып калса дагы турмушка чыга элек аялдын каты жарыяланды.
...Өкүнүп, тилимди тиштеп отурам. Азыр жашым 40тан ашты. Бирок дагы эле жалгыз боймун. Карьера, жумуш деп жүрүп үй-бүлөнү, жеке жашоомду экинчи орунга чыгарып коюптурмун. Азабын эми тартып, эмне кылышты билбей калдым.
Кийин курсташым ошол жердеги эле кыздардын бирине үйлөнүп алганын уктум. Сары, толмочунан келген кыз болчу. Кейиген деле жокмун. Кийин башка балдар деле артыман ээрчип, колумду сурады, макул болгон эмесмин. Анткени оюмдун баары иш эле.
Карьерамды түптөдүм, үй алдым. Өзүмдүн иш бөлмөм болсо, ири компанияда иштеген кесипкөй дарыгер болсом деген тилектин баарына жеттим. Бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин. "Кайда качмак эле" деп жүрүп, убакыт, өмүр кантип өтүп кеткенин аңдабай калдым. Анын үстүнө курсташтар аябай ынтымактуу болчубуз, азыркыга чейин деле катышабыз. Мени менен чогуу окуп бүткөн кыздардын турмушка чыгып, балалуу болуп иштей албай, жаш аялметтери өп-чап турмушта жашап кыйналып жатканын көрчүмүн. Балдарыбыз үй-бүлөсүн багам деп эки-үч жумушта иштеп, бутун кененирээк сунуп жата албаганына далай күбө болгом. Мага андай жашоонун кереги жок эле ал кезде. Бутума туруп, эч нерседен кыйналбай жашагым келчү.
Бир күнү баягы курсташым чогуу окуган группалаш, курсташтардын баарын айылга үйүнө конокко чакырды. Мен да бардым. Коноктоп, сый көрүп аябай жакшы отурдук. Ал үй-бүлө айылдын кадыр-барктуу адамдары экенин бир көрүп эле байкадым. Төрт уулу бар экенин билчүмүн, биринен бири өтүп бой тартып, ата-энесинин көзүн карап турушат экен. Ушул жерден жүрөгүмдү бир нерсе өйүп өттү. Жаштыгыбызды эскерип ичтик, жедик, ырдадык, бийледик. Кыз деп мени аябай сыйлашты.
Бир убакта курсташым экөөбүз өзүнчө калып калдык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп: "Дагы эле турмушка чыкпай жүрөсүңбү, креслоң менен диваның сага күйөө болуп берип атабы?", - деп чучукка тийген сөздөрдү айтты.
Араң турган жаным таң атканча ыйлап чыктым. Эртеси эч кимге айтпай жолго чыгып кеттим. Үйгө келип күчүмдүн баарын ыйдан чыгардым. Ыйлаганымды көрүп апамдын жүрөгү сезди окшойт, "жалгыз жүрбөй жок дегенде бала багып албайсыңбы" деп калды. Анысына көндүм. Сураштырып, караштырсам ылайыктуу бала жок. Ошентип жүрсөм кичүү келиним дагы боюна болуп калганын айтты. Төрт баласы бар болчу. Кичүүсү эки жашка чыга элек. Анан өзү "алдырсамбы" дегенсип калганынан "мага төрөп бер" дедим.
Ошентип багы жокко дагы жок болуп шаабайым сууп отуруп калдым. Жашым өттү, эми кимге турмушка чыкмак элем. Чыксам деле төрөй албайм да. Эмне кылышты билбей башым маң. Жаштык кылып, апамдын айтканын укпай "жумуш" деп жүрүп ишимен башка эч нерсем жок. Көрсө, үй-бүлө, бала биринчи кезекте турушу керек экен. Эмне кылам?..
Гүлнара Жасоолова, психолог:
Чечилбей турчу маселе болбойт. Айрымдар карьераны биринчи кезекке койсо, кээ бири үй-бүлөнү коет. Экөө тең жок болсо бир жөн. Бул аял карьерасын түптөптүр. Аракети менен ойлогон ой-максатына жетиптир. Бул дагы күчтүү сапат. Андай кыла албай, ара жолдо калгандар канча.
Үй-бүлө боюнча айтсам, турмуш курууга 40 жаш кеч эмес. Таптакыр болбой калганча, кеч болсо да аракет кылыш керек. Ишин деги түптөп коюптур, эми өзүнө жолдош караштырсын, таанышсын. Дос-теңтуштары менен эки жакка чыксын. Балким, аны сыртынан жактырып жүргөн адамдар бардыр. Андайларга адам өзү кызыкмайынча билинбей жүрө берет.
Өзү деги дарыгер экен, гинекологдор менен кеңешип көрсүн. Балким турмушка чыкса, төрөй алаттыр. Эгер болбосо, азыр 40тан ашкан, 50гө чыгып калгандар ЭКУ жолу менен деле балалуу болуп жатышпайбы.
Андай жол да болбосо, бала багып алсын. Азыр өкмөт бул механизмди мурдагыдан да жеңилдетти. Үйү, туруктуу жумушу болсо баланы оңой эле багып алат. Айтор маселени чечүүнүн көп эле жолу бар экен.
Ал эми өзүңүз турмуш куруу жолун ойлонуңуз. Азыр да кеч эмес. Башка мамлекеттерде 70-80 жашка чыгып алып деле үйлөнүп жатышат. Бакыт ар кимге ар кайсы куракта келет. Сиздин үйдө да балдардын үнү жаңырат. Анын азыркы заманда көп жолу бар. Акыркы чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Психологго бетме-бет кездешип, аны менен сүйлөшүп, кеңешип коюу да көптүк кылбайт.