Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты. Жабыркагандар бар

Алдын ала билдирүүлөргө караганда, жол кырсыгынан беш адам жабыркаган. Алардын биринин абалы оор.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине күбө билдирип, кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жөнөттү.

Окуя ишемби күнү Термечиков жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде саат 19:00дө болду. Күбөнүн айтымында, Honda Odyssey батышты көздөй бара жатып чукул токтогон.

“Ага артынан келе жаткан троллейбус, троллейбуска автобус, автобуска башка жеңил унаа келип урунду. Жеринде медиктер менен куткаруучулар иштеп жатат”, — деди күбө.

Алдын ала билдирүүлөргө караганда, жол кырсыгынан беш адам жабыркаган. Алардын биринин абалы оор.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгон жерге инспектор жөнөп кеткенин билдиришти.