Түркияда студенттер Айтматовдун атын даңазалады. Сүрөт

Түркиялыктардын көбү Айтматовду тааный тургандыктарын, чыгармаларын жакшы билерин жана учурда да окуп жаткандыгын айтышкан. Ал тургай анын стилине өзүнүн пикирин билдирген жаштар да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттер 12-декабрда "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу иш-чара өткөрдү. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.

Анда башка улуттун өкүлдөрүнө Кыргызстан тууралуу жалпы маалымат берилип, улуу жазуучу Айтматов даңазаланды. Концерттик программанын жүрүшүндө манас айтылып, кыргыз күүлөрү чертилди. Маңкурт болуп кеткен Жоламан жана Найман эне тууралуу легенда сахналаштырылып, Кыргызстан жөнүндө ырлар аткарылды.

Айтматовдун ким экенин билесизби? Тест
Жазуучу жана Кыргызстанга байланыштуу суроолор келген конокторго узатылып, туура жооп бергендерге Айтматовдун китептери жана башка кызыктыруучу белектер ыйгарылды. Маданий иш-чаранын көркүн кыргыз бийи ачып, дээрлик бардык номерлерге залда отурган ар кайсы улуттун өкүлдөрү суктанып, кол чаап турушту.

Программанын соңунда көрүүчүлөргө кыргыздын тамак-аштарынын даамын татып көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Кыргызстан жана Айтматов тууралуу атайын стенд орнотулуп, ага кызыккандар да арбын болду.

Мындан сырткары, Sputnik Кыргызстан радиосунун мурдагы журналисти, азыр Түркиядагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан Асел Акмат "түркиялыктар атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду тааныйбы?" деген суроо салып видео материал жасаган.

Кызыгы, түркиялыктардын көбү Айтматовду тааный тургандыктарын, чыгармаларын жакшы билерин жана учурда да окуп жаткандыгын айтышкан. Ал тургай анын стилине өзүнүн пикирин билдирген жаштар да болгон.