Кыргызстанда 1-январдан тарта пошлинасыз товар алуу шарты катаалдайт

Сөз Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн алынган товарлар тууралуу болуп жатат. Жаңы эреже 1-январдан тарта күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Буга чейин жеке колдонуу үчүн 500 долларга чейин пошлинасыз товар сатып алууга мүмкүн болсо, эми 2020-жылдын 1-январынан тарта 200 долларга гана соода кылууга мүмкүн болот. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат
Мындай өзгөртүүлөр Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими боюнча ишке ашканы жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн заказ кылынган товарлардын баасы 500 доллар, тагыраагы, айына 31 килограммга чейин сатып алууга мүмкүн болуп келген. Ал эми келерки жылдын биринчи айынан тарта пошлинасыз товарды 200 долларга гана сатып алууга жол берилет. Ал эми салмагы 31 килограмм бойдон калды.