Жасалма номер чуусу: камерадан тартылган сүрөттү жарыялагандар жазаланды

Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү жарыяланган маалыматтарды жана машиналардын фотоколлажын иликтешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. ИИМ Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага жасалма номер тагып алып жүргөн айдоочунун сүрөтүн жарыялагандарды таап, алар иштен алынды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына 01KG 578 ACD номери тагылган беш автоунаанын сүрөтү тарап кеткен. Алардын бирин айдап бараткан киши Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Өз кезегинде Мамбетов тараган сүрөткө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Кийин ЖКККББ жасалма номер тагылган автоунааны 22 жаштагы жигит айдап баратканын айтып, аны кармаган.

Жасалма номерлүү автоунаа боюнча Башкы прокуратура жаңы маалымат таратты
Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү жарыяланган маалыматтар жана машиналардын фотоколлажын иликтешкен. Алар "Коопсуз шаар" долбоорунун мониторинг борборунда маалымат менен иштөөдө эреже бузулганын аныкташкан. Кызматтык маалыматтарды башка максатта колдонгону үчүн мониторинг борборунун операторлору А.А. менен К.К. кызматынан алынган.

Ошондой эле кол алдындагы кишилерди тийиштүү түрдө көзөмөлдөбөгөнү үчүн аталган борбордо жетекчилик кызматта иштеген төрт киши дисциплинардык жазага тартылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан пайдалануу") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.