БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы Экаруки кыштагында табылган эки баштуу жыланды жергиликтүү эл адистерге бербей койгон. Бул тууралуу Daily Star жазды.
Монокль кобрасынын сүрөтү ANI деп аталган аккаунттун Twitter баракчасына жарыяланган.
Аталган штаттын Токой чарбасы боюнча департаментинин герпетологу Каустав Чакраборти кызматкерлери аталган аймактан жыланды алып кете албай коюшкандыгын билдирген. Себеби ырым-жырымдарга ишенген эл адистерге өзгөчө көрүнүштөгү жаныбарды берүүдөн баш тарткан.
Жергиликтүү зоологдор жыландын мындай болуп жаралып калышына эмбриондун эки бөлүнүп кеткендиги же айлана-чөйрөнүн таасиринен улам болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.
Монокль кобрасы Индиянын батышында, Кытайда, Вьетнамда, Камбоджада, Бангладеште, Бутанда, Мьянмада, Лаосто, Непалда, Таиландда кездешет. Анын бир ирет чаккандагы уусу 20 адамды же бир пилди өлтүрө алат деп айтылат.