Схема түзүшкөн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды

Шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын бир катар кызматкерлери жеке компаниялардан мыйзамсыз акча түшүп турган схеманы түзгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Схема түзүшкөн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды

Билдирмеге караганда, шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары
Факты боюнча буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 319 ("Коррупция") жана 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

6-декабрь күнү Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин А.Т. аттуу жетекчиси жана Б.Б. аттуу башкы инспектору 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында жалпы жонунан инспекциянын алты кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.