"Ош" базарынын аймагындагы аба текшерилди

Текшерүү маалында чаңдын үч түрү жана күкүрт диоксиди, азот диоксиди, көмүртек диоксиди, аммиак, күкүрт водороду сыяктуу газдар изделет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги дрон жана атайын чаңды өлчөөчү аппарат менен Бишкектеги абанын абалын карап чыкты.

Бул жолу Гагарин жана Некрасов, Бейшеналиева жана Киев, Байтик баатыр жана Москва көчөлөрүнүн кесилиштеринде байкоо жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында абанын курамында төмөндөгү заттар нормадан көбүрөөк экени белгилүү болду.

— Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде азот — 1,6 эсе, РМ2,5 — 2,9 эсе, РМ10 — 2 эсе, чаң — 1,3 эсе көп;

— Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде РМ2,5 — 1,6 эсе, РМ10 — 1,2 эсе көп;

— Байтик баатыр жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде азот диоксиди — 1,08 эсе, РМ2,5 — 1,1 эсе көп, РМ10 жана чаң табылган жок.

Рысалиев: абанын булганышы боюнча ар кандай маалыматтарга ишенбегиле
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда чаңдын үч түрү жана бир нече газ — күкүрт диоксиди, азот диоксиди, көмүртек диоксиди, аммиак, күкүрт водороду жана башкалар изделет.

Ведомствонун маалыматына карганда, шаардагы ыштын басымдуу бөлүгүн автотранспорт бөлүп чыгарат. Тагыраагы, бир жыл ичинде Бишкекте абага 240 миң тонна булгоочу заттар бөлүнүп чыкса, алардын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келет. Машинадан бөлүнүп чыккан газдын курамында абаны булгоочу 60тай химиялык кошулма бар.

Маалымат үчүн: РМ — салмагы өтө жеңил болгондуктан эч жерге топтолбой абада жүрө берген бөлүкчөлөр. РМ2,5 — диаметри 2,5 микрометрден төмөн, РМ10 — диаметри 10 микрометрден көп эмес бөлүкчөлөр.