Балдарын "атаңды чакыр" деп аёосуз сабаган келиндин ким экени белгилүү болду

Интернетке үч-төрт жаштагы баланын жана беш жаштагы кыздын таяк жеп жаткан видеосу тарап, кийин милиция балдарды урган аялды издей баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Видеодо энеси аёосуз сабап жаткан балдардын туугандары менен социалдык кызматкерлер жана милиция иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, интернетке энеси үч-төрт жаштагы баланы жана беш жаштагы кызды таяктап жаткан видеосу тарап, кийин милиция ал келинди издей баштаган. Видеодо аял бөбөктөрдү коркутуп, "Атаңды чакыр, апам уруп атат, кел деп айт" деп айтканы угулат.

"Туугандары менен сүйлөшүү иштери Ош облусунун Өзгөн районунда жүргүзүлүп жатат. Балдардын 30 жаштагы энеси быйылкы жылдын 8-ноябрында Россияга кеткен деп айтылууда. Азыр бул маалымат дагы такталып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте эки баланы сабап, биринин кулагын жабыркаткан киши камакка алынды
Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн өкүлү видеодогу аял ушул айылдын тургуну экенин айтып берген. Ал эки уул, бир кыздын энеси. Жолдошу көп жылдан бери Москвада мигрант катары иштеп келет. Ал эки баласын алып жакында Москва шаарына жолдошуна кеткендиги айтылды. Андыктан видео Москва шаарында тартылышы мүмкүн деп божомолдонууда.