Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын кимдер кайсы эмгеги үчүн алды. Тизме

Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алгандардын арасында ийгилик жаратып жүргөн спортчулар жана маркум журналист бар.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи. Айтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак.

Өкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди.

"Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты" наамын алгандар:

  • Акжол Доранбек уулу — адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Уланбек Эгизбаев (көзү өткөндөн кийин) — журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Арзымат Жороев — Ккөркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство);
  • Ызат Исаков — шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор;
  • Дастан Жапар уулу — кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер);
  • Адилет Токтогулов — илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  • Нурсултан Кубанов — экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Айсулуу Тыныбекова — спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Азамат Баялинов — жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн.
  • Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты болгондор:
  • Адилет Зарылбек уулу — адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Гүлшан Таалайбекова — музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик;
  • Тамила Маматова — көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство);
  • Атай Өмүрбеков — театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы;
  • Байгелди Нурдинов — илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  • Нургүл Абдыкеримова — экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Дарья Маслова — спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Иззат Берхмаматов — жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн;