Кызыл-тазыл аянт, суктанган бөбөктөр. Балаты отун жандыруу аземинен 12 сүрөт

Sputnik

Быйылкы жылдагы балатынын бийиктиги — 27, ал эми диаметри — 12 метрге жетти. Шаар тургундары менен меймандарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн 5 миллион 800 миң сом сарпталды. Борбордук аянтты "Тазалык" менен "Бишкекжарыктын" 105 кызматкери кооздогон.

Балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган. Анын жалпы узундугу үч чакырым экени айтылды.

Аянттын берки жагына дагы бир майрамдык композиция орнотулган.

1 / 12
Жаңы жылдык балаты "Айкөл Манас" эстелигинин жанында орнотулду
2 / 12
Балаты отунун жанганын көргүсү келгендердин саны арбын болду
3 / 12
Иш-чара учурунда тез жардам, милиция жана ӨКМ куткаруучулары нөөмөттө турду
4 / 12
Меймандар концертке күбө болушту
5 / 12
Балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган
6 / 12
Балатынын отун жандыруучу кнопканы мэр Азиз Суракматов басты
7 / 12
Эл алдына эстрада жылдыздары чыкты
8 / 12
Балатынын бийиктиги — 27 метр, ал эми диаметри 12 метрге жетти.
9 / 12
Аянттын берки жагына дагы бир майрамдык композиция орнотулган.
10 / 12
Булар аянтта 2020-жылдын январь айынын ортосуна чейин турмакчы
11 / 12
Тургундар менен меймандарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн 5 миллион 800 миң сом сарпталды
12 / 12
Борбордук аянтты "Тазалык" менен "Бишкекжарыктын" 105 кызматкери кооздогон.